Жаңы эле уулдуу болгон кытай аял бир жумадан кийин эгиз кыз төрөдү

© AFP / FRED DUFOURМедсестра и мать новорожденного ухаживают за ребенком
Медсестра и мать новорожденного ухаживают за ребенком - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрөттү кабыл алган акушер өз тажрыйбасында мындай нерсеге биринчи жолу кабылып жатканын айтууда.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кытайдын Хэбей провинциясында аял уулдуу болгондон кийин бир жумадан соң эгиз кыз төрөдү. Бул тууралуу РИА Новости China News Service басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 "болбойт"
Окуя Ичан шаарында болгон. Аял турмушка 2012-жылы чыкканын айтып, андан бери балалуу боло албай жүргөнүн билдирген. 2016-жылы Ухан шаарында дарылануудан өтүп, үч эм боюнда болгон.

Маалыматка ылайык, аял 21-февралда 1,44 килограмм салмактагы уул төрөгөн, бирок толгоосу жанып кеткен. Акушер күтүп турууну сунуштап, 27-февралда ал эгиз кыздарды жарык дүйнөгө алып келген.

"Боюма бүтпөй жүргөн учурда бала тууралуу аябай кыялдангам. Эми үч эм төрөп абдан кубанып жатам", — деп өзүнүн сезимдери менен бөлүшкөн.

Учурда ымыркайлар кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыгердин көзөмөлүндө турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0