Казакстанда англис тилине расмий статус берүү сунушталууда

Жазылуу
Бир айдын ичинде өлкө жарандары "Казакстандын конституциясына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбооруна өз сунуштарын жөнөтө алышкан.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Казакстандын мамлекеттик тилинин кадыр-баркын жогорлатуу жана англис тилине расмий статус берүү боюнча мыйзам долбооруна сунуш киргизилип жатат. Бул тууралуу РИА Новости Казакстандын президентинин администрация башчысы Адилбек Жаксыбековдун билдирүүсүнө таянып кабарлаган.

Маалыматка караганда, Казакстан президенти 25-январда жалпы элдик талкууга президенттин ыйгарым укугунун бир бөлүгүн өкмөткө жана парламентке өткөрүп берүү боюнча конституциялык реформага долбоор сунуштаган.

АГа ылайык, өлкө жарандары бир ай бою "Казакстандын конституциясына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбооруна өз сунуштарын жөнөтүшкөн.

"Сунуштардын арасында мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу жана англис тилине расмий статус берүү демилгеси да бар", — деп жазылат маалыматта.

Казакстанда мамлекеттик тил казак тили болсо, мамлекеттик уюмдарда, жергиликтүү башкаруу органдарында казак тили менен катар расмий түрдө орус тили да колдонулуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0