Өзбекстандагы химиялык заводдо жарылуу болду. Каза болгондор бар

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге
Пожар в центре скалолазания RockTown в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондордун так саны айтыла элек. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

БИШКЕК, 24-фев. – Sputnik. Өзбекстандагы азоттук жер семирткич чыгарган ири заводдо жарылуу болгонун Sputnik Өзбекстан өлкөнүн ӨКМине шилтеме берип жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, жарылуу бейшемби күнү саат 17.30да (Бишкек убактысы) “Ферганаазот” ишканасында болгон. 

“Ремонт иштери жүрүп жаткан кезде жарылуу болду. Каза болгондор бар”, — деп айтылат маалыматта. 

Сотрудники МЧС на месте пожара. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте үч кабаттуу үй өрттөнүп, бир адам каза болду
ӨКМ каза болгондордун санын атай элек. Ведомстводон билдиришкендей учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо жана курман болгондордун туугандарына жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат. 

“Ферганаазот” ишканасы химиялык жер семирткичтерди чыгаруу менен алектенип, “Узкимесанот” акционердик компаниясынын курамына кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0