Казак полициясы КамАЗдын соккусун тосуп 18 баланын өмүрүн сактап калды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРабота сотрудников дорожно-патрульной службы ГИБДД
Работа сотрудников дорожно-патрульной службы ГИБДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Павлодар — Астана унаа жолунда саат 10.50дө катталган. Полиция кызматкерлери балдарды сактап калыш үчүн "Лада Гранта" унаасы менен каршы тилкеде келе жаткан КамАЗды тосуп калган.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Полиция кызматынын унаасы балдар келе жаткан автобусту КамАЗдын соккусунан тосуп калгандыгын Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык Павлодар — Астана унаа жолунда саат 10.50дө катталган. КамАЗдын айдоочусу каршы тилкеге чыга калган. Эгер полиция кызматкерлери соккуну унаасы менен тосуп калбаганда Павлодарда өтө турган лыжа боюнча мелдешке келе жаткан 18 өспүрүм жана төрт чоң курактагы спортчулар кырсыкка кабылмак.

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: жолтандабас менен жеңил автоунаа сүзүштү. Кырсыктын кесепети тартылган кадрлар
Балдарды коштоп келе жаткан полиция кызматынын унаасын 1978-жылкы Мурат Нурсеитов айдап келе жаткан. Ал балдарды сактап калыш үчүн "Лада Гранта" унаасы менен каршы тилкеде келе жаткан КамАЗды тосуп калган. Натыйжада автобустагы балдар эч кандай жаракат алган эмес. Ал эми айдоочу оор жаракат алып Павлодардагы 1-ооруканага жеткирилген. Анын жанындагы кесиптеши Баянбек Жунусовдун баш мээси чайкалган. Ал эми КамАЗдын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес.

Облустун Саламаттык сактоо башкармалыгынан кабарлашкандай жаракат алган полиция кызматкери реанимация бөлүмүнө жактырылган. Учурда кырсык боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0