72 жаштагы кытайлык абышка жынысын алмаштырып, аял болду

© AFP / Mahmoud ZAYYATОперация ребенку в южном ливанском городе Сидон
Операция ребенку в южном ливанском городе Сидон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юэ 1970-жылы үйлөнүп, үч жылдан кийин кыздуу болгон. Ал эми 2000-жылы аялы менен ажырашып кеткен.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Пекин шаарында жашаган 72 жаштагы абышка жынысын алмаштырып аял болгонун РИА Новости China Daily басылмасына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, операция Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Хуэйчжоу шаарында өткөн. 72 жаштагы Синь Юэге жасалма эмчек да салынган.

"Менин көптөн берки аял болуу кыялым ишке ашты", — деди ал. Операцияга чейин Синь Юэ бир катар тесттерди тапшырып, миңден ашык суроого жооп берген. Себеби, дарыгерлер ал чындап эле жынысын алмаштыргысы келгенине ишениши керек болчу.

Юэ 1970-жылы үйлөнүп, үч жылдан кийин кыздуу болгон. Ал эми 2000-жылы аялы менен ажырашып кеткен.

Синь Юэнин мурдагы аялы Лэн Жуй күйөөсүнүн жыныс алмаштыруу максатын колдоорун айткан. Ал Синь Юэ менен учурда эже-сиңдидей катышарын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0