Тажикстандагы кар көчкүдөн жети адам ажал тапты

© Sputnik / Виктор Гурняк / Медиабанкка өтүүНа автотрассе Киев–Чоп из-за снежных заносов образовалась пробка
На автотрассе Киев–Чоп из-за снежных заносов образовалась пробка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Душанбе — Худжант авто жолунан 800 адам куткарылып 50 жүк ташуучу жана 150 жеңил автоунаа эвакуацияланды.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Тажикстанда кар көчкүдөн улам жети адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новостиге Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалымат катчысы Умида Юсупова билдирди. 

Маалыматка ылайык, 29-30-январдагы кар көчкүдөн улам Душанбе — Худжант авто жолу жабылып 200дөй унаа жолдо калган. Учурда жарандарды кооптуу жерден алып кетүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү.

Окуя болгон жерден 800 адам, 50 жүк ташуучу жана 150 жеңил автоунаа эвакуацияланды. Ал эми коопсуздукту камсыз кылуу максатында МАИ жана жол кызматы тарабынан атайын пост коюлду.

"Душанбе — Худжант авто жолунда беш адам көчкү алдында калып каза болду. Ал эми Хорог — Мургад жолунда эки адам каза болду", — деди Юсупова.

Учурда Душанбе — Хорог — Мургаб авто жолунда дагы абал кооптуу болууда. Буга байланыштуу Рушан жана Шугнан райондорунун аймактарындагы жолдор жабылды. Андан сырткары, өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн күнү-түнү иштеген штаб түзүлгөн.

Азырынча аталган жол каттамдардагы кыймыл качан жандана тургандыгы белгисиз. Анткени кар көчкү жүрүү коркунучу сакталууда. Мындай кооптуу абал 3-4 күн сакталышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0