Өзбекстан Ислам Каримовдун туулган күнүнө даярданып жатат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү
Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каримов мамлекетти 25 жылдан ашык убакыт бою башкарган. Ал 2015-жылы 2-сентябрда каза болгон.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Өзбекстандын бардык аймактарында Ислам Каримовдун эртеңки туулган күнүнө карата даярдыктар жүрүп жатканын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, билим берүү мекемелеринде, аскер бөлүктөрүндө жана эмгек жамааттарында Өзбекстандын биринчи президентинин урматына иш-чаралар уюштурулган.

"Ислам Каримов тирүү болгондо 30-январь күнү 79 жашка чыкмак. Бул күнгө карата "Ак сарай" резиденциясы каалоочуларга Ислам Каримовдун музейи катары каалгасын ачат" — деп жазылат маалыматта.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ислам Каримовдун эстелиги Москва шаарына коюлат
Мындан тышкары, Самарканд менен Ташкентте Каримовдун эстелиги орнотула турганы маалым болду. Ошондой эле, анын эстелигин Москва шаарына орнотуу боюнча демилге колдоо тапкан.

Ислам Каримов 1938-жылдын 30-январында Самаркандда жарык дүйнөгө келген. 1990-жылдын 24-мартында Өзбек ССРинин президенти болуп шайланган. Ал эми 1991-жылдын 29-декабрында Өзбекстандын туңгуч президенти болгон. Каримов мамлекетти 25 жылдан ашык убакыт бою башкарган. Ал 2015-жылы 2-сентябрда каза болгон

Жаңылыктар түрмөгү
0