Быйыл Пекинде абаны булгаган 300 миң унаа жок кылынат

© AFP / MARK RALSTON Смог в Китае
Смог в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пекиндегы жалпы саны 5,65 миллион жеткен транспорт бир жылда абага 500 миң тонна зыяндуу заттарды бөлүп чыгарары айтылат.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кытайдын борбору Пекин шаарында 2017-жылы абанын булганышына таасирин тийгизген 300 миң автоунаа жок кылынат. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Өткөн жылы да ушундай тартиптин негизинде унаалардын саны 340 миңге кыскартылганы айтылат.

Автомобильное движение в Париже - Sputnik Кыргызстан
Парижде абанын булганышынан улам унаалардын кыймылы чектелди
Ошондой эле Автотранспорт департаментинин жетекчиси Ли Куньшэн Пекиндеги жалпы саны 5,65 миллионго жеткен транспорт бир жылда абага 500 миң тонна зыяндуу заттарды бөлүп чыгарарын айтып, жалпысынан абанын булгануусуна 30 пайыз таасирин тийгизерин белгилеген. 

Ал эми шаар мэри Цай Ци ушул жылы айлана-чөйрөгө зыян келтирген 500 ишкана жабылып, 2,6 миң мекеме экологиялык стандартка ылайыкталып жаңыртыларын айткан.

Мындан сырткары жаратылышты коргоо полициясы түзүлүп, ал кызмат айлана-чөйрө коргоо боюнча иш алып барып, жаратылыш койнунда мыйзамсыз эс алууну уюштуруп, мыйзамсыз иштерди жасагандарды көзөмөлгө алат.

Маалыматта эгер буга азыр чара көрүлбөсө, адамдардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип өпкө, жүрөк ооруларына алып келери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0