Кытай: Volkswagen чыгарган унааларынын 50 миңин кайра чакыртып алат

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүЗавод Volkswagen в Дрездене
Завод Volkswagen в Дрездене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунааларды чакыртып алуу 6-февралдан башталат. Volkswagen концерни кемчиликтерди бекер оңдоп берүүгө убада кылды.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кытайдагы Volkswagen автоконцерни тормоздук системасынан чыккан кемчиликтерден улам 50 миң унааны кайра чакыртып жатат. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын сапат көзөмөлү жана карантин боюнча инспекциясынын (AQSIQ) маалыматына таянып кабарлады. 

Мында 2012-жылдын 1-июлунан 2015-жылдын 6-августуна чейин чыгарылган 44718 Beetle, андан сырткары, 2012-жылдын 1-июлунан 2013-жылдын 6-июлуна чейин жасалган 4762 Golf автоунаалардын кайра чакыртуу тууралуу сөз болууда. 

Кытай инспекциясынын маалыматына караганда, калпыстыктан улам аталган системадагы автоунаа токтобой, адам өмүрүнө кооптуулук жаратышы мүмкүндүгү айтылган.

"Автоунааларды чакыртып алуу кампаниясы 6-февралда башталат. Volkswagen концерни кемчиликтерди бекер оңдоп берүүгө убада кылды", — деп жазылат кабарда.

Volkswagen автоконцерни Европадагы автоунаа өндүргөн ири ишкана. Ал Volkswagen, Audi, Skoda жана Seat үлгүлөрүн бириктирип турат. "Люкс" классында Lamborghini, Bentley жана Bugatti чыгарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0