Кытайда куралчан киши бала бакчага кол салып, 11 наристе жаракат алды

© AFP / GREG BAKER Сотрудники китайской полиции в Пекине
Сотрудники китайской полиции в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарга бычак ала чуркаган жаран кармалды. Азырынча кылмыштын себептери белгисиз.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кытайдагы Гуанси-Чжуанск автономдуу районунда бычак менен куралданган киши бала бакчадагы 11 баланы жарадар кылды. Бул тууралуу РИА Новости CCTV телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Окуя болгон жердеги тез жардам автоунаалары - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдун клубунда тирүү калган жаран: мага ок чыгарса дагы кыймылдаган жокмун
Окуя Пинсян шаарындагы бала бакчада саат 15.30дар чамасында (Бишкек убактысы боюнча 13.30) болгон. Кылмышкер тартип сакчылары тарабынан кармалган. 

Маалыматка караганда, беш бала оор жаракат алган. Учурда балдар ооруканада. Алардын өмүрү коркунучта эмес экени белгиленген. 

Учурда полиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Балдарга кол салууга эмне себеп болгону азырынча тактала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0