Казакстанда көп кабаттуу үй урап түшүп, эки киши каза болду

© Фото / Комитет по ЧС МВД КазахстанаОбрушение части многоэтажного дома в поселке Шахан, Казахстана
Обрушение части многоэтажного дома в поселке Шахан, Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караганда облусунун Шахан поселогунда көп кабаттуу үй урап түшүп, куткаруучулар урандылардын алдынан кишилерди издеп жатат.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Шахан поселогундагы көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап түшүп, эки киши каза болгонун Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Сотрудники скорой медицинской помощи Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Алматынын Тез жардам кызматы элди тейлеп жетишпей жатат
Маалыматка ылайык, 1-январда саат 22.40тар чамасында Караганда облусунун Шахтинск шаарынын Шахан поселогунда көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урап түшкөнү боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар жөнөтүлгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча урандынын алдынан төрт киши куткарылса, алардан экөө балдар. Ошондой эле урандынын алдында кишилер болушу ыктымалдыгы айтылууда. Аларды таап чыгаруу үчүн 70 киши жана 16 атайын техника тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0