Алматынын Тез жардам кызматы элди тейлеп жетишпей жатат

© Sputnik / Анатолий УстиненкоСотрудники скорой медицинской помощи Казахстана
Сотрудники скорой медицинской помощи Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандар көбөйгөндүктөн телефон чалуулар эки эсеге өскөн. Анда суткасына бир медициналык бригадага 22 телефон чалуу туура келүүдө.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жаңы жыл алдында Казакстандын Тез жардам кызматына кайрылган көбөйүүдө. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымдады. 

Алматы шаарынын Саламаттык сактоо башкармалыгы медициналык техника жана кызматкерлери жетишсиз болуп жаткандыгын билдирүүдө. Ушу тапта бир медициналык бригадага суткасына 22 телефон чалуу болууда. Ар бир телефон кайрылган кишиге кызмат көрсөтүү үчүн орточо бир саат убакыт кетет. Мындан улам медицина кызматкерлери эс ала албай калышууда. 

"Декабрь айынын башынан бери 65 миң адам кайрылды. Алардын 50 пайызы шашылыш жардамга муктаж болгондор, калган адамдарга болсо жашаган жериндеги оорукананын кызматкерлери жардам бере алышты", —деп айтылат билдирүүдө.  

Ал эми Бишкек шаарында Тез жардам кызматына кайрылгандардын саны азайып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0