Ата-энесин тирүүлөй өрттөгөн өзбек жараны 16 жылга эркинен ажырады

Жазылуу
Тергөөнүн жыйынтыгында Эгамов Россиядагы жумушунан кол жууп 2015-жылы Бухара кайтып, бирок жумушка орношо албай жүргөнү маалым болгон.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Өзбекстандын Бухара облустук соту Фарход Эгамовду ата-энесин тирүүлөй өрттөгөнү үчүн 16 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

"Спирт ичимдигин ичип алган Эгамов ата-энеси менен уруша кетип, жыйынтыгында аларга күйүүчү май чачып өрттөп жиберген. Окуя учурунда туугандары жана коңшулары ортого түшүп катуу күйгөн карыган ата-энени жергиликтүү ооруканага жеткиришкен", — деп жазылат маалыматта. 

Арест бывших сотрудников отдела полиции Хорошево-Мневники - Sputnik Кыргызстан
Чоң энесин артынан кууп, сабап өлтүргөн небере 15 жылга соттолду. Окуянын чоо-жайы
Тергөөнүн жыйынтыгында Эгамов Россиядагы жумушунан кол жууп 2015-жылы Бухара кайтып келген. Бирок жумушка орношо албай жүргөнү маалым болгон. Ал материалдык кыйынчылыктан улам ата-энеси менен көп урушчу деп түшүндүрөт прокуратура өкүлдөрү. 

Серепчилердин айтымында, бүгүнкү күндө Өзбекстандагы 32 миллион калктын 3 миллиону өлкөдөн тышкары ар кайсы жакта иштеп жүрүшөт, алардын көбү Россия жергесинде. 

2017-жылы Өзбекстанда 900 миңге чукул адамды, анын ичинде КМШ өлкөлөрүндө экономикалык каатчылыкка байланыштуу мекенине кайткысы келген 147 миң эмгек мигрантын жумуш менен камсыз кылуу каралууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0