Түркмөнстандын президенттигине төрт талапкер катталды

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүДворец президента Туркмении в Ашхабаде
Дворец президента Туркмении в Ашхабаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркмөнстанда президенттик шайлоо кийинки жылдын 17-февралына белгиленген.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катыша турган төрт талапкерди каттады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Рабочий визит президента КР Алмазбека Атамбаева в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков: Мирзиёев Атамбаевди аэропортко өзү узатты
Маалыматка ылайык, талапкерлердин катарында Демократиялык партиядан учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов бар. Андан тышкары, тизмеде Өнөр жай жана ишкерлер партиясынан "Рысгал" коммерциялык банкынын башкармалыгынын төрагасы Бекмырат Аталыев, Агрардык партиядан Дурдыгылыч Оразов жана азык-түлүк өнөр жайынын мамлекеттик бирикмесинин төрага орун басары Максат Аннанепесов катталган. 

Түркмөнстанда президенттик шайлоо кийинки жылдын 17-февралына белгиленген. Өлкөнүн Конституциясы боюнча президенттикке талапкер Түркмөнстанда төрөлүп, 40 жаштан өткөн жаран болушу шарт. Андан сырткары, мамлекеттик тилде ээн-эркин сүйлөп, акыркы 15 жыл аралыгында Түркмөнстанда жашап, иштеши керек.

Учурда өлкө аймагында шайлоочулардын тизмесин түзүү иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0