Казакстандын үч облусу менен Алматыда атайын операция жүрүп жатат

© AFP / IGOR NESTEROVКазакстандын полиция кызматкерлери. Архив
Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оперативдик иш-чаралар коңшу өлкөнүн бир катар аймактарында жүргүзүлүп, диний араздашууну козутууга шектелген 16 жаран кармалды.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери "Ат-Такфир уаль-Хижра" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн кармоо максатында атайын операция жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Казакстандын УКМКсынын расмий сайтына жарыяланды.

Собрания организации темнокожих членов конгресса в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Обама "Ислам мамлекетинин" жаралуусуна АКШнын катасы себепкер экенин мойнуна алды
Мындай оперативдик иш-чаралар Алматы, Актөбө, Атырау облустары менен Алматы шаарында жүрүп жатат.

Диний араздашууну козутууга шектелген 16 жаран кармалып УКМКнын аймактык органдарына жеткирилген. Учурда шектүүлөрдүн жашаган жери тинтүүгө алынып ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилүү болгондой, бул уюм "Аль-Каида" менен "Ислам мамлекети" террордук топторунун идеологиясынын негизинде түптөлгөн.

"Ат-Такфир уаль-Хижра" уюмунун мүчөлөрү Сирия менен Ирактагы террорчулардын аракеттерин колдоп светтик формадагы башкарууга каршы болуп келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0