Атамбаев Назарбаевдин Казакстан үчүн жасаган эмгегин белгиледи

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКыргызстандын жана Казакстандын президентери Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев жолугушуу учурунда
Кыргызстандын жана Казакстандын президентери Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Казакстан эки элдин жакшылыгы үчүн мындан ары да бир калыпта өнүгөрүнө ишенгенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди өлкө көз карандысыздыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков өзбек кесиптеши Арипов менен иштешүүгө даяр
Атамбаевдин айтымында, көз карандысыздык жылдары Назарбаевдин жетекчилиги менен Казакстан мамлекеттик курулушта, социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана реформаларды жүргүзүүдө көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктарга жетишип, интеграциялык процесстерди жылдыруу, глобалдык жана региондук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чоӊ күч-аракеттерди жумшаган эл аралык карым-катнаштардын кадыр-барктуу катышуучусу катары имиджге ээ болду.

Мамлекет башчы кыргыз-казак өз ара пайдалуу жана ар тараптуу кызматташтыгы эки өлкө менен эки элдин жакшылыктары үчүн мындан ары да бир калыпта өнүгөрүнө ишенерин белгиледи. 

Атамбаев Назарбаевге чың ден соолук, бакубаттык, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине тынчтык менен гүлдөп өсүүнү 

Жаңылыктар түрмөгү
0