Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев жеңди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСитуация после выборов президента в Республике Узбекистан
Ситуация после выборов президента в Республике Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирзиёевге өз добушун 15 миллион 900 миң шайлоочу берген.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өзбекстандагы президенттик шайлоодо президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев утуп, 15 миллион 900 миң шайлоочунун добушун алды. Бул жалпы шайлоочунун 88,61 пайызын түзөрүн маалымат жыйында Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Мирза-Улугбек Абдусаламов билдирди.

Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: өзбек эли президенттикке Шавкат Мирзиёевди шайлап аларына үмүт артам
БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого 17 миллион 900 миң киши катышып, өз добушун бергендер 87,83 пайызды түзгөн.

Бул шайлоодо Либерал-демократиялык партиясы учурда Өзбекстандын президентинин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёевди, Улуттук-демократиялык "Миллий тикланиш" ("Улуттук жаралуу") Сарвар Отамурадовду, социалдык-демократиялык "Адолат" ("Адилет") Наримон Умаровду жана Өзбекстандын элдик демократиялык партиясы Хотамжан Кетмоновдун талапкерлигин сунуштаган. 

Эске сала кетсек, буга чейинки президент Ислам Каримов 78 жашында көз жумуп, такты бош калган. Ал эми өлкө башчылыктын милдети убактылуу Шавкат Мирзиёевге жүктөлгөн. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдө 9381 участка даярдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0