Өзбекстандагы президенттик шайлоого шайлоочулардын дээрлик 88 пайызы келди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүШайлоо жыйынтыктарын эсептоо
Шайлоо жыйынтыктарын эсептоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылды.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоого шайлоочулардын 87,83 пайызы (17,942 миллион киши) келгенин РИА Новости агенттиги билдирди.

Белгилей кетсек, 4-декабрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп, ага төрт партиядан көрсөтүлгөн талапкер катышты.

2015-жылы мартта өткөн президенттик шайлоого шайлоочулардын 91,01 пайызы келип, 18,928 миллион киши добуш берген болчу.

Өзбекстанда шайлоо жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00дө башталап, саат 20:00дө аяктады.

Пограничная зона между Узбекистаном и Афганистаном - Sputnik Кыргызстан
Өзбек ТИМи: кыргыз-өзбек чек арасынын 49 тилкеси боюнча позиция макулдашылды
Бул шайлоодо Либерал-демократиялык партиясы учурда Өзбекстандын президентинин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёевди, Улуттук-демократиялык "Миллий тикланиш" ("Улуттук жаралуу") Сарвар Отамурадовду, социалдык-демократиялык "Адолат" ("Адилет") Наримон Умаровду жана Өзбекстандын элдик демократиялык партиясы Хотамжан Кетмоновдун талапкерлигин сунуштаган. 

Эске сала кетсек, буга чейинки президент Ислам Каримов 78 жашында көз жумуп, такты бош калган. Ал эми өлкө башчылыктын милдетин убактылуу Шавкат Мирзиёевге жүктөлгөн. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдө 9381 участка даярдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0