21 жыл мурун өлүм жазасына тартылган кытай жаранынын күнөөсүз экени аныкталды

© AFP / STRОсужденные к смертной казни в Китае
Осужденные к смертной казни в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш жигит 1995-жылы аялды зордуктап өлтүрдү деп өлүм жазасына тартылган. Эми жаңы жагдайлардан улам сот анын күнөөсүз экенин аныктап чыкты.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кытайдын соту мындан 21 жыл мурда өлүм жазасына тартылган жаш жигитти күнөөсүз деп тапканын РИА Новости агенттиги билдирди.

Сотрудник полиции Китая и карета скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы автокырсык 17 адамдын өмүрүн алып кетти
Маалыматка ылайык, 1974-жылы туулган Не Шубинь аялды зордуктап өлтүрдү деген айып менен өлүм жазасына тартылган. Соттун бул чечими аткарылган учурда ал 21 жашта болгон. Сот бул ишти 2014-жыл кайтадан кароону чечкен. Жума күнү Кытайдын жогорку элдик соту Шубинди актап чыкты. 

2005-жылы 18-январда Ван Шуцзинь аттуу киши өлтүргүч 1995-жылы болгон кылмышты ал жасаганын моюнга алган. Сот аны өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарган. Бирок Шуцзинь апелляциялык арыз менен кайрылып, учурда анын арызы каралууда.

Мындай окуялар Кытайда биринчи жолу катталып жаткан жок. 2015-жылы февралда Ички Монголия автономдук районунун соту Чжао Чжихунданы 1996-жылы жасалган кылмышы үчүн өлүм жазасына тарткан. Себеби, киши өлтүргөн деп 18 жаштагы бейкүнөө бала соттолуп кеткен. Бийлик бул кетирген катасы үчүн жаш жигиттин үй-бүлөсүнөн кечирим сурап жөлөк пул катары 330 миң доллар төлөп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0