Нурсултан Назарбаев агынан жарылып, адамдык бакыттын баасын айтып берди

© REUTERS / Shamil ZhumatovДень единства народа Казахстана в Алматы
День единства народа Казахстана в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал бактылуу жашоо сыры менен бөлүшүп, отургандарга батасын да берди.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бактылуу жашоо сырлары менен бөлүшүп, бала-чака, жубай, достордун мамилеси тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Эл башы жергиликтүү телеберүүдө агынан жарылган. 

"Жакында эле Гарвард Университетинде "бакыт деген эмне?" аттуу сурамжылоо жүргүзүлгөндүгүн окуп калдым. Эң негизги бакыт — көкүрөгүңө бекем кыскан сенин чүрпөң. Эгер бала энесинин чачын бир жолу сылап койсо, ал жибектей кулпуруп калат. Экинчи бакыт, курсагы ачтарга тамагыңдын теңин бөлүшкөнүң", — деп айткан Назарбаев. 

Президент жашоону чоң философия менен эмес, жөнөкөй ченемдер менен кароо зарылдыгын айткан. 

"Балаңды сүйүп, жубайың менен ынтымакта жашап, досторуң менен көңүл көтөрүү — бул философия эмес, бул адамдык бакыттын эң жөнөкөй түрү",— деп айткан ал.

Назарбаев аны угуп отургандарга батасын берип, жакшы тилектерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0