Казакстанда эки ирет жер титирөө катталды

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүВиды Алма-Аты
Виды Алма-Аты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгондугун кошумчалашты.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Казакстандын Алматы облусунда жума күнү эртең менен эки ирет жер силкинип, биринчисинин күчү 4,6га жетсе, экинчисинин магнитудасы жана 4,4 болгону аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости Казакстандын Сейсмологиялык тажрыйбалык-методикалык экспедициясына шилтеме кылып билдирди.

Биринчи термелүү эртең мененки саат 08:53 мүнөттө Алматынын түндүк чыгышына карай 276 аралыкта катталып, күчү 4,6 га жеткени аныкталган.

Эки-үч мүнөттөн ошол эле райондо кийин кайрадан жер титирөө катталып, күчү 4,4гө жеткен.

Адистер жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгондугун кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0