Гүлнара Каримованын уулу: апам тирүү!

© AP Photo / Mikhail MetzelӨзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова. Архив
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМК өкүлдөрү Өзбекстандын мурдагы президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова 5-ноябрда каза болгондугу тууралуу билдирүү тараткан.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Гүлнара Каримованын уулу Ислам апасы тирүү экенин айтып ушул убакка чейин үй камагында жатканын билдирди. Бул тууралуу ВВС өзбек кызматына шилтеме берип жазган.

Буга чейин айрым, ЖМК өкүлдөрү Өзбекстандын атайын кызматтарына таянып Гүлнара Каримова 5-ноябрда каза болгонун жана аны ошол эле күнү Ташкенттеги "Минор" мүрзөсүнө коюлгандыгы тууралуу маалымат тараткан.

Андан соң Каримовдордун үй-бүлөсүнө жакын адам Каримованын тирүү экендигин билдирген

Гүлнара Каримованын уулу апасынын өлүмү тууралуу маалыматтар жалган экенин айтып, анын тирүү экенин билдирди. 

"Менин апам тирүү, бирок ал азыр үй камагында болуш керек. Ал эми менин эжем Иман Каримова үй камагынан бошоду, бирок ага башка өлкөгө чыгууга дагы эле уруксат бериле элек", — деди Каримованын уулу. 

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов Ушул жылдын 2-сентябрында 78 жаш курагында дүйнө салып, учурда президенттин милдетин Шавкат Мирзиеев аткарып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0