Эрдоган Өзбекстанга расмий сапар менен келди

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрдоган Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө барып гүл коюп, куран окуйт.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бейшемби күнү кечинде Өзбекстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлады.

"Самаркандда түрк башчысын эл аралык аэропорттон Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов тосуп алды. Расмий иш сапарынын негизги иш-чарасы 18-ноябрда өтөт", — деп жазылат маалыматта.

Маалымат кызматынын билдирүүлөрүнө ылайык, Эрдоган Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө барып гүл коюп, куран окуйт.

"Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеев жана Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган учурдагы абалды жана эки өлкөнүн мындан аркы кызматташуусу тууралуу сөз сүйлөшүп, аймактык жана эл аралык актуладуу маселелерди талкуулашмакчы", — деди Өзбекстан президентинин маалымат кызматы.

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 78 жаш курагында дүйнө салган. Убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болуп премьер-министр Шавкат Мирзиеев дайындалган.

4-декабрда Өзбекстанда президентттик шайлоо өтөт, талапкерлердин катарында Мирзиеев да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0