Тажикстанда террордук уюмдун идеясын жайылткан бир туугандар эркиндиктен айрылды

Жазылуу
Маалым болгондой, кылмышкерлер күнөөлөрүн моюндарына алган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Тажикстанда эки бир тууган "Ислам мамлекети" террордук уюмунун идеяларын жайылткандыгы үчүн күчөтүлгөн режимдеги колонияга киргизилди. Бул тууралуу РИА Новости "ТажикТА" агенттигине шилтеме берүү менен жазды. 

"Тажикстандын түндүгүндөгү Рудаки районунун тургундары, бир тууган ага-инилер 26 жаштагы Хушвахт Халимов менен 43 жаштагы Сайделло Халимов Сомони райондук соту тарабынан 15 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратылды", — деп жазылат агенттиктин маалыматында.

Маалым болгондой, кылмышкерлер күнөөлөрүн моюндарына алган.

"Ислам мамлекети" террордук уюму учурда дүйнөлүк коопсуздукка коркунуч туудурган күч болуп эсептелет. Террорчулар үч жыл ичинде Ирак менен Сириянын негизги жерлерин басып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0