Тажик ИИМи Россияда теракт жасоону пландап кармалгандар жөнүндө айтты

© Фото / ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүМосква, Санкт-Петербург шаарларына жана Борбордук Азияга теракт уюштурууну пландагандагды кармоо учуру
Москва, Санкт-Петербург шаарларына жана Борбордук Азияга теракт уюштурууну пландагандагды кармоо учуру - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмуна катыштыгы бар экенин моюндарына алышкан.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Москва, Санкт-Петербург шаарларына жана Борбордук Азияга теракт уюштурууну пландап кармалгандар тууралуу маалымат тажик жаранын суракка алгандан кийин белгилүү болду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазган.

Подследственный Ляхунов Рамазан, совершивший побег - Sputnik Кыргызстан
Суракка алып келгенде качып кеткен айыпталуучу кармалды
Россиянын федералдык коопсуздук кызматынын маалымат кызматы өткөн жумада Москва жана Санкт-Петербург шаарларында эл көп жерде колдорунда жардыруучу заттарды жана автоматтарды алып теракт жасоону пландаган ондой адам кармалганы тууралуу маалымат тараткан.

Белгилүү болгондой согушкерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмуна катыштыгы бар экенин моюндарына алышкан.

Операция Россиянын Ички иштер министрлигинин колдоосу менен Кыргызстан, Тажикстан жана Россиянын атайын кызматтары менен биргелешкен аракетинин жыйынтыгында ишке ашкан.

"Ыкчам иликтөө иш-чарасынын жыйынтыгында Россияда Тажикстандын И.Д аттуу жараны кармалган. Ал "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тарапташы И.К аттуу бир тууганынын көрсөтмөсү менен Сирияга бармак. Кармалгандан кийин ал Тажикстанга экстрадицияланды", — деп жазылат Тажикстандын ИИМ маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Укук коргоо бөлүмүнүн билдирүүсүндө кармалган баланын маалыматтарына таянып, Кыргызстан, Тажикстан, Россия күч түзүмдөрү Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан Борбордук Азиянын 12 жаранын кармашкан. Алардан ок атуучу куралдар жана жардыруучу заттар табылган.

Кармалгандардын аттары тергөөдөн улам айтылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0