Баян Есентаева мурунку күйөөсүнө чыккан өкүм боюнча өз оюн айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя bayanmaxatkyzy. Казахстанский продюсер Баян Максаткызы (Есентаева). Архивное фото
Снимок с социальной сети Instagram пользователя bayanmaxatkyzy. Казахстанский продюсер Баян Максаткызы (Есентаева). Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Продюсер болуп өткөн окуяга абдан өкүнөрүн айтып, мурунку жолдошуна чыдамкай болууну каалаган. Бейшемби күнү сот аны Есентаеваны өлтүрүүгө аракет кылган деген кине менен тогуз жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Казакстандык продюсер Баян Максаткызы (Есентаева) аны өлтүрүүгө аракет кылган мурунку жолдошуна карата чыккан өкүм боюнча өз оюн билдирди деп жазат Sputnik Казакстан агенттиги. 

Мужчина с ножом - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Ысык-Көлдө жолугушууга келип бычакталган кыздын сөөгү табылды
Бейшемби күнү сот Бахытбек Есентаевди тогуз жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. Отурум Алматы облусунда жабык түрдө өттү. 

Ага чейин Баян Максаткызы жолдошун эркинен ажыратпоо сунушу менен кайрылган. Ал эми Есентаевдин адвокаты Бекболат Жаксеитов анын кардарына карата чыгарылган өкүм мыйзамсыз экенин, Есентаевдин аракетинде адам өлтүрүүгө умтулуу жок болгонун айткан. Мындан тышкары, ал жыныстык кылмыш боюнча толугу менен акталып чыкканын билдирген.

"Мен кечирдим, мыйзам кечирген жок… Болуп өткөн нерсеге, бири-бирибизди түшүнө албаганыбызга, балдарыбыздын көз жашы, кетирген катачылыктар үчүн жүрөгүм ооруйт", — деп жазган Баян өзүнүн Instagram блогунда.

Ал жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбой турганын белгилеген.

"Менин жашоомдо болуп өткөн нерсеге азырынча так аныктама бере албайм. Муну убакыт көрсөтөт. Жүрөк кээде акылга баш ийбейт. Биз да ушуга кабылдык. Ар бирибиз өз жазабызды алдык", — деди продюсер. 

Снимок с социальной сети Facebook пользователя Баян Есентаевой. Известный казахстанский продюсер Баян Есентаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Баян Есентаева сотто күйөөсүн кечирип, аны эркинен ажыратпоону суранды
Баян Максаткызы эки баланы өз алдынча бутуна тургузуу татаал болорун белгилеп, бардык кыйынчылыкты жеңерин кошумчалаган да ЖМКлардан мындан ары бул маселе боюнча тынчын албоону өтүнгөн.

Баян Есентаева 10-июнь күнү бычакталып Талгар шаарынын ооруканасына жаткырылган. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү Бахытбек Есентаев кармалган. "Ден соолукка олуттуу зыян келтиргени үчүн" деген берене кийин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен алмаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0