Хэллоуин: улуттук кийимдер менен түшкөн сүрөттөр талаш жаратты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя theworldismythrone. Молодые казахстанцы в национальных костюмах, надетых на Хэллоуин. Архивное фото
Снимок с социальной сети Instagram пользователя theworldismythrone. Молодые казахстанцы в национальных костюмах, надетых на Хэллоуин. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык жаштар бул сапар Хэллоуин күнүн адаттан тыш белгилөөнү чечип, улуттук көйнөк, чыптамалаларды кийип, үрөй учурган кебетеге келип боёнуп алышкан.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Казакстандык жаштардын улуттук чыптама,кош этек көйнөктөрдү кийип хэллоуинди майрамдашы аталган өлкөнүн интернет айдыңындагылардын бүйүрүн кызытты. Бул туурасында Tengrinews.kz билдирди.

Ага жигит менен кыздын улуттук кийимчен бети-башын жүрөк түшүргүндөй боёп алып түшкөн.

Фото опубликовано NURBIBI N. (@theworldismythrone) Окт 28 2016 в 11:32 PDT

Социалдык тармактын колдонуучулары бул сүрөткө ар кыл пикирлерин айтышты.

Элдин бүйүрүн кызыткан сүрөттүн ээси казахстандык стилист Рафаэль Ромен болуп чыкты. Мындай кадамын ал казак элинин жомокторундагы кара күчтөрдү алып чыгып, улуттук жана батыштын маданиятын айкалыштырайын деген ниет менен жасагандыгын айткан. 

"Улуттук костюмду минтип алып чыгууга эмнеге болбосун. Дүйнөнүн бардык эле жерлеринде самурайлардын, гейшалардын, шотландиялыктардын юбкасын кийип, өрүлгөн чачтарды тагып жүрүшпөйбү. Ал эми индиялык апачилердин образын алып жүргөндөр канча? Бул дагы ар кыл элдин улуттук кийими. Алар бирөөлөрдү кемсинткенин көргөн жокмун. Өзүңүздөргө эмне үчүн өз малданиятыбыз кызыктырбайт деген суроону берип көрдүңөр беле. Себеби, аны эч ким эки жакка алып чыккан эмес! Биз болгону биздин мурастар менен кызыктуу образды алып чыгууга ниеттендик. Бирөөлөрдү кемсинтип, беделине доо кетирүү туурасында ой да болгон эмес", — деп айткан Ромен.

🖖🏿 happy Halloween guys 👻

Фото опубликовано @rafael_romen Окт 28 2016 в 11:51 PDT

Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Красноярскиде окуучу соцтармактагы талаш үчүн экинчисин бычактап салды
Хэллоуин — Ирландия менен Шотландияны жердеген байыркы кельттердин салттуу майрамы. 31-октярбда — бардык ыйыктардын күнүнө бир күн калганда майрамдалат. Негизинен англис тилдүү өлкөлөрдө белгиленип келет, бирок бейрасмий түрдө айрым башка өлкөлөр да майрамдашат. 

Шаан-шөкөттүн башкы белгиси Жектин чырагы болуп эсептелинет. Башкача айтканда, ырсайып ичинен шам жагылып турган ашкабак коюлуп, ал үйдүн жанынан кара күчтөрдү кууп турат деп айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0