Назарбаев Медина шаарында намазга жыгылды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назарбаев иш сапарынын алкагында мамлекеттик ишмерлер менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырып жатат.

БИШКЕК, 25-окт. —Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Сауд Аравиясына болгон иш сапарын Медина шаарынан баштап, Мухаммед пайгамбардын мечитинде намазга жыгылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматына таянуу менен Sputnik Казакстан жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Назарбаев аталган шаарда провинциянын губернатору Фейсал бен Салман Аль Сауд канзаада менен жолугушкан.

"Мындан тышкары, өлкө башчы Мухаммед пайгамбардын мечитине барып, намазга жыгылды. Андан соң Масджид ан-Набави мечитинин архитектурасы менен таанышып чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Намаздан кийин Назарбаев Эр-Рияд шаарына келип, Сауд Аравиясынын королу Салман бен Абдель Аль Сауд менен жолугушуусу пландаштырылган. Мында бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. 

Иш сапардын алкагында аталган өлкөнүн мамлекеттик ишмерлери менен жолугушуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0