Түркмөнстанда президенттик шайлоо 2017-жылы 12-февралда өтөт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАшхабад шаарына көрүнүш, архив
Ашхабад шаарына көрүнүш, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердимухамедов өкмөттүн жана коопсуздук боюнча мамлекеттик кеңештин биргелешкен жыйынында боло турчу шайлоого даярдык көрүүгө тапшырма берген.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Түркмөнстандын межлиси (парламент) өлкө лидерин шайлоону 2017-жылдын 12-февралына дайындаганын жергиликтүү ЖМКлар билдирди.

Президентские выборы в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда дагы эки партия президенттикке талапкерлерин көрсөттү
Тийиштүү токтомду бешинчи чакырылыштагы парламент 16-жыйынында кабыл алган.

Маалыматтарга ылайык, президенттик шайлоого саясий үч партия катышат. Алар: Түркмөнстандын Демократиялык партиясы, Өнөр-жайчылар менен ишкерлердин партиясы жана Агрардык партия.

Түркмөнстанда акыркы президенттик шайлоо 2012-жылы февралда өткөн. 2016-жылы парламент жаңы Конституция кабыл алган, анда президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин узартылган. Ошондой эле 70 жашка чейин деген жаштык ченем да алынып салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0