Өзбек бийлиги президенттик шайлоодо чет өлкөдө 44 шайлоо тилкесин ачат

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочунун архивдик сүрөтү
Добуш берип жаткан шайлоочунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган өлкө төрт саясий партия жарышка катыша турганын билдирген.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо учурунда чет өлкөлөрдө 44 шайлоо тилкесин ачуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.  

2-сентябрда Өзбекстанды чейрек кылым башкарып турган Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салып, анын кызматын убактылуу аткарып туруу премьер-министр Шавкат Мирзиёевге жүктөлгөн. 

"БШК Өзбекстандын президентин шайлоо боюнча 44 шайлоо тилкесин ачуу чечимин кабыл алды жана алардын баары №14 Ташкент шаардык шайлоо аймагына карайт",— деп айтылат маалыматта.

Эми БШКнын алдында саясий партиялар тарабынан берилген кол коюла турган кагаздардын туура түзүлгөнүн текшере турган топ ишке кирмей болду. 

Буга чейин аталган саясий жарышка катышуу чечимин кабыл алган төрт партия өздөрүнүн жыйынын өткөргөн.

Чек ара кызматкери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Каримов доорунан кийин кыргыз-өзбек алакасы боюнча алгачкы документке кол коюлду
Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы Шавкат Мирзиёевди көрсөтсө, "Милли тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу") улуттук демократиялык партиясы — парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары Сарвар Отамурадовду, Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясы — Хотамжон Кетменовду, "Адолат" ("Адилет") социалдык-демократиялык партиясы Наримон Умаровду көрсөткөн. Талапкерлер партиялардын октябрь айында боло турчу жыйынында бекитилет.

Учурда талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жүрүп жатат, ал октябрдын 20сында аяктайт. Өзбекстандагы мыйзамдарга ылайык, партиялар шайлоочулардын (214,35 миң шайлоочу) жалпы санынын 1 пайыздан кем эмес сандагы колун топтошу керек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0