Анжиянда Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу талкууланууда

© flickr.com / Giorgio MinguzziӨзбекстандын желеги, архивдик сүрөт
Өзбекстандын желеги, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанга маданият ишмерлери, артисттер, аксакалдар жана аткаминерлерден турган делегация жөнөп кетти. Алар билим берүү мекемелерин, автозавод жана вокзал менен таанышат.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев башында турган кыргыз делегациясы өзбек тараптын чакыруусу менен 1-октябрда Өзбекстанга жөнөп кетти. Алар Анжиян шаарында кыргыз-өзбек мамилелерин талкуулай. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тик учак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан Кыргызстандын аймагынан учуп өтүүгө уруксат сурады
Анын алкагында кыргыз делегациясы Ходжааб районундагы орто мектеп, Анжиян мамлекеттик университет, Достук үйү, жаңы темир жол вокзал жана Асака шаарындагы автомобиль заводу менен таанышат.

Делегациянын курамында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси, КР өкмөтүнүн Ош, Баткен облустарындагы ыйгарымдуу өкүлдөрү, Ош шаарынын мэри, аксакалдар, маданият ишмерлери жана артисттер бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0