Өзбекстан ымыркай баласы бар аялдарды абакка кеспей турган болду

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАялдар колониясы. Архивдик сүрөт
Аялдар колониясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын бийлиги коомчулукка чоң коркунуч жаратпаган кылмыштарды жасаган аялдардын үч жашка чейинки баласы болсо, аларды абакка кеспөө чечимин чыгарды.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кош бойлуу, баласынын белин бешиктен чыгарып эмгек өргүүдө жүргөндөр жана үч жашка чейинки балдары бар аялдар Өзбекстандын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу кылмыш жазасына тартылбай турган болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты. 

Кол кармашкан жаштар, архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан калкынын 97 пайыздан ашыгы жарандык никеге каршы
Мындай өзгөртүүлөр пенсия курактагы, ишке жараксыз адамдар жана аскер кызматкерлерине дагы тиешелүү.

Аталган жеңилдиктер буга чейин деле берилип келген. Бирок аял кишинин иштеген жери болуп, эмгек өргүүгө чыккандыгы тастыкталышы талап кылынган. Бала үч жашка чыкканча, анын энеси түзөтүүчү коомдук иштерге да тартылган эмес. 

Эми болсо абактан кутулуу үчүн үч жашка чейинки баласы бар эне статусуна ээ болуу гана жетиштүү. Болгону жасалган кылмыш коомчулукка чоң коркунуч жаратпашы керек. 

Ошентип мындан ары аялдарга жазанын жеңил түрлөрү гана колдонулмай болду. Ал айып пул салуу түрүндө ишке ашырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0