Алматыда Борбор Азиядагы эң ири "шайтан дөңгөлөк" курулду

© © Sputnik / Медиабанкка өтүүШайтан дөңгөлөк, архивдик сүрөт
Шайтан дөңгөлөк, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
60 метрлик аттракциондо 208 орун болуп, климат-көзөмөл жана аудиогид менен жабдылган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында 2-октябрь күнү Борбордук Азиядагы эң ири "HappyEye" аттуу "шайтан дөңгөлөк" аттракциону ачыла турганын Sputnik Казакстан жазып чыкты. 

"Долбоор төрт жыл мурун иштелип чыгып, учурда Happylon — ири аттракциондорду куруу аракетин алдыга жылдыруу боюнча иштер жасалып жатат. Ушул багытта иштеп жатып "шайтан дөңгөлөк" Алматынын көркүн ачарын түшүндүк", — деди Happylon парк түйүндөрүнүн ээси Рустам Агеев.

Дубай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дубайда үстү жабылган эң чоң көңүл ачуучу парк ачылды
Жаңы "шайтан дөңгөлөктүн" бийиктиги 60 метрге жетет. 40 кабиналуу аттракцион 208 адамды батырып, ар бири климат-көзөмөл жана казак, орус, англис тилдеринде сүйлөгөн аудиогид менен жабдылган.

Ал эми аттракциондун техникалык жоопкерчилигин моюндаган италиялык адистер буга чейин Япония менен АКШнын сейсмологиялык жактан кооптуу делген аймактары үчүн парктарды түзүп келишкени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0