Казакстанда мечиттен сырт жерлерде баян айтууга тыюу салынды

© Sputnik / Утарбеков / Медиабанкка өтүүМечиттеги адамдардын архивдик сүрөтү
Мечиттеги адамдардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шойкин өлкөдөгү мечиттерде тартип орнотулганын, ал жерде экстремизм менен терроризмге чакырыктар айтылбастыгын билдирди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгы мечиттерден сырткары жерлерде диний темада баян айтып, чогулууну мыйзамсыз деп эсептей тургандыгын билдирди. Бул туурасында РИА Новости маалымадады.

Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият соцтармакка тарап кеткен мечиттин фонундагы клипти алдырып салмакчы
Диний иштери жана жарандык коомчулук боюнча министрликтин Дин иштери комитетинин жетекчиси Галым Шойкин жаштардын радикалдашып кетүүсү дал ушундай бүдөмүк жайларда болуп жаткандыгын айтты. 

Шойкин өлкөдөгү мечиттерде тартип орнотулгандыгын, ал жерде экстремизм менен терроризмге чакырыктар айтылбастыгын билдирди. Анын пикиринде, жаман уюмдарга азгырууну деструктивдүү күчтөр ар кыл батирлерде топ-топ кылып чогултуп, жасап жатат. 

"Тыюу салуунун бул түрүн сунуштап жаткан Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгы баяндар мечиттерден сырткары жерлерде айтылбашы керектигин айтууда. Демек, башка жерлердеги диний темадагы чогулуулар мыйзамсыз деп эсептелет. Албетте, буга карата административдик чаралар көрүлөт жана токтотулат",— деди Шойкин.

Комитет жетекчиси анткени менен казактардын салты боюнча имамдарды үй-бүлөлүк ар кандай иш-чараларга чакырып, Куран окуткан учурларга токтолду. Шойкин муну да коомдук талкууга алып чыгып, мындай иштер жогорку категорияга кирер-кирбесин аныктоо керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0