Өзбекстанда президенттик шайлоого катышууга эки партия документ тапшырды

© flickr.com / Stefan MunderТашкенттеги өзбекстандын парламентинин архивдик сүрөтү
Ташкенттеги өзбекстандын парламентинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленген. Азырынча ат салыша турган төрт талапкердин аты аталып жатат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өзбекстандын Либерал-демократиялык УзЛиДеП жана Улуттук-демократиялык "Миллий тикланиш" ("Улуттук жаралуу") партиялары президенттик шайлоого катышууга расмий түрдө документтерин тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости республиканын БШКсы берген маалыматка таянып жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 2-сентябрда Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов 78 жашында көз жумган. Өлкө башчынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп премьер-министр Шавкат Мирзиеев дайындалган. Өзбекстандын БШКсынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломовдун маалыматына ылайык, шайлоо 4-декабрда өтөт. 

"УзЛиДеП жана "Миллий тикланиш" партияларынын өкүлдөрү президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга тийиштүү документтерди тапшырды. Ага ылайык, БШК беш күндүн ичинде партиялар шайлоого катышар-катышпастыгы тууралуу акыркы чечимди чыгарат ", — деп БШКдан кабарлашты.

Өзбекстандын социалдык-демократиялык "Адолат" ("Адилет") партиясынан Наримон Умаров, УзЛиДеП партиясынан премьер-министр Шавкат Мирзиёев, "Миллий тикланиш" партиясынан спикердин орун басары Сарвар Отамурадов, элдик-демократиялык партиясынан Хотамжан Кетмоновдор көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0