Казакстанда абакта отургандарга электрондук билерик тагуу демилгеленүүдө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТүрмө. Архив
Түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган билериктер спутник аркылуу адам кайсыл жакта жүргөнүн билдирип болот.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Казакстанда абакта жаза өтүп жаткандарга электрондук билериктерди тагуу демилгеленүүдө. Бул тууралуу Новости-Казахстан агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө түрмөдө жаза өтүп жаткан бир адамга 600 миң теңге коройт. Эгерде аталган демилге ишке ашса, чыгым үч эсеге азаймак. 

"Атайын чиптер менен жасалган билериктин жардамы менен адам кайсыл жакта жүргөнүн, эмне менен алек болгонун спутниктин жардамы менен билүүгө болот. Эгерде аны өчүрүп салса же аймактан чыгып кетсе дароо белги берет. Билериктер тагылса, абактагылар бекер отурбай жумуштарга чыкса болот", — деп айтылат маалыматта. 

Казакстандын өкмөтү аталган билериктерди 2017-жылы ишке киргизүүнү пландоодо. 

Жаңылыктар түрмөгү
0