Октябрдан тарта Өзбекстанда газ 9%га кымбаттайт

© flickr.com / Steven DepoloГаз плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жыл ичинде көгүлтүр от Өзбекстанда экинчи ирет кымбаттап жатат. Ал эми акыркы үч жыл ичинде 1,5 эсеге жогорулаган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Өзбекстанда газдын баасы 8,9 пайызга 1-октябрдан тарта кымбаттай турганын "Узтрансгаз" ишканасы өзүнүн расмий сайтына жазып чыкты. 

Андагы маалыматка караганда кымбаттоо бардык категориядагы колдонуучуларга тийиштүү. 

Бишкектин алты конушун газ менен камсыздоо иши активдүү жүрүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин алты жаңы конушу газ менен камсыздалат
Эсептегич 10 метр куб көгүлтүр от кеткендигин көрсөтсө 2461 сум (54 сом) төлөөгө туура келет. Ал эми ушул эле көлөмдөгү газ эсептегичсиз кеткен болсо, ага 4260 сум (94 сом) төлөө керек болот. 

Газды дүңүнөн сатып алган ишканалар үчүн миң куб метр көгүлтүр оттун баасы 246 миң сумга чейин жогорулайт (5350 сом). 

Үстүбүздөгү жыл ичинде көгүлтүр отко болгон ички баа экинчи ирет кымбаттап жатат. Апрель айында баа 8,1 пайызга жогоруласа, акыркы үч жыл ичинде Өзбекстанда газдын баасы 1,5 эсеге кымбаттаган.

Учурда төрт миллион турак үй жана 80 миң дүңүнөн сатып алган керектөөчүлөр газ менен камсыздалган. 

Акыркы жылдары көгүлтүр отту колдонуу Өзбекстанда 1,3 эсеге жогорулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0