Өзбекстанда президенттикке талапкерлерди каттоо 30-сентябрда башталат

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүӨзбекстандагы шайлоо. Архив
Өзбекстандагы шайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо боюнча мыйзамдарга ылайык 30-сентябрдан 20-октябрга чейин президенттике талапкерлерди каттоо процедурасы жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Президенттикке талапкерлерди каттоо 30-сентябрда башталып 20-октябрда аяктайт. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов Sputnik Өзбекстанга билдирген.

Буга чейин Абдусаломов Өзбекстандагы президенттик шайлоо 4-декабрда өтө тургандыгын билдирген.

"Шайлоо боюнча мыйзамдардын алкагында 30-сентябрдан 20-октябрга чейин президенттикке талапкерлерди каттоо процедурасы жүргүзүлөт", — деп билдирди Абдусаломов.

Боршайком өткөргөн жыйында президенттик шайлоону өткөрүүгө багытталган негизги программалар бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0