Өзбекстанда президенттик шайлоого даярдыктар башталды

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүТашкент шаары. Архив
Ташкент шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өзбекстанда президентти шайлоо өнөктүгү 9-сентябрда башталганын БШКнын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов кабарлаганын РИА Новости жазды. 

Ал эми президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт.

"Борбордук шайлоо комиссиясы 9-сентябрдан тарта Өзбекстандын президентин шайлоо боюнча өнөктүк башталгандыгын жар салды", — деп билдирди БШК төрагасы. 

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жашында каза болуп, анын сөөгү Самаркандга коюлган. 

Конституцияга ылайык, Өзбекстандын президенти милдетин аткара албай калса, анын ыйгарым укуктары парламенттик Жогорку палатасынын төрагасына жүктөлүп, үч айдан кийин президенттик шайлоо өтүшү керек. 

Учурда өлкө башчынын милдетин премьер-министр Шавкат Мирзиеев аткарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0