Күйөөсү бычактаган Баян Есентаева ур-токмоктон кийин биринчи жолу интервью берди

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Facebook социалдык тармагынан тартылган кадр. Казахстандык продюсер Баян Есентаева. Архив
Facebook социалдык тармагынан тартылган кадр. Казахстандык продюсер Баян Есентаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык продюсер "каргашалуу күндөн" үч ай өткөндөн кийин алгачкы интервьюсун берди.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Белгилүү казакстандык продюсер Баян Есентаева ур-токмокко алынып, бычакталганы тууралуу айтып, биринчи жолу интервью берди.

Баян Есентаева 10-июнь күнү бычакталып Талгар шаарынын ооруканасына жаткырылган. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү Бахытбек Есентаев кармалган. "Ден соолукка олуттуу зыян келтиргени үчүн" деген берене кийин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен алмаштырылган.

Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казак ИИМи Есентаеванын ооруканадагы сүрөтүнүн тарап кетишин териштирет
Продюсердин ачык-айрым интервьюсу теле алпаруучу Динара Сатжандын Youtube каналына чыкты. Есентаева үч айдан кийин 10-июнь күнкү окуяны толугу менен айтып берди.

Жабырлануучунун айтымында, бетинин сол жактагы булчуңдары иштебей, көрүүсү начарлап, экинчи даражадагы контузия алган. 

Учурда Есентаеванын мурунку жолдошу Бахытбек Есентаев камакта. Кылмыш иши сотко өтүп, сот процесси 14-сентябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0