Өзбекстандын президенти Ислам Каримов дүйнө салды

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKI / POOL Өзбекстан президенти Ислам Каримов. Архивное фото
Өзбекстан президенти Ислам Каримов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каримов Өзбекстанды 1989-жылдан тарта, компартия доорунан бери башкарып келген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов дүйнө салды. Бул тууралуу РИА Новости маалымат таратты. 

Буга чейин анын кызы Лола Каримова-Тиллаева Каримовдун мээсине кан куюлуп, ооруканага түшкөндүгүн кабарлаган. Ал эми айрым жалпыга маалымдоо каражаттары бир нече күн мурун эле анын каза болгондугун жазып чыгышкан. Ал эми бүгүн Өзбекстандын өкмөтү Ислам Каримовдун абалы кескин начарлагандыгы боюнча маалымат тараткан. 

"Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 78 жашында көз жумду", — деп айтылат маалыматта. 

Өзбекстандын президенти Ислам Абдуганиевич Каримов - Sputnik Кыргызстан
Ислам Каримовдун доору - архивдик сүрөттөр
Каримов 1938-жылы 30-январда Самаркандда кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1989-жылдан бери Өзбекстанды башкарып келген.

Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кичи мекени Самарканд шаарында 3-сентябрь күнү болот. Иш-чараны уюштуруучу комиссияны Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзиеев жетектейт.

Президенттин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө үч күн аза күтүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0