Самарканддын аэропорту ишемби күнү учактарды кабыл албайт

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАэропортко конуп жаткан учак. Архив
Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чектөө бир суткага созулат. Аэропорт учактарды кабыл албайт жана ал жактан эч бир учак чыкпайт. Болгону мурда бул күгө расмий пландалган гана учактар коно алат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өзбекстандагы Самарканд аэропорту ишемби күнү бир дагы учуп-конууларды кабыл албайт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги АКШнын Жарандык авиация башкармалыгына таянуу менен билдирди.

"Аэропорт учактарды кабыл албайт жана ал жактан эч бир учак чыкпайт. Болгону мурда бул датага расмий түрдө пландалган гана учактар коно алат", — деп айтылат АКШнын Жарандык авиация башкармалыгы тараткан билдирүүдө.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия премьери Каримовдун өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты
Мындай тыюу салуу ишемби күнү саат 00.01ден тарта саат 23:59га чейин салынат.

Самарканд Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун туулган жери болуп эсептелет.

Жума күнү Өзбекстандын өкмөтү өлкө президенти Каримовдун мээсине кан куюлуп оор абалда ооруканага жаткырылганын билдирген. Ал эми Рейтер агенттиги өз булактарына таянуу менен Өзбекстандын президенти каза болгонунмаалымдаган. Азырынча өзбек бийлиги Каримовдун ден соолугуна байланыштуу маалыматтарга түшүндүрмө бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0