Өзбекстанда эфирден көңүл ачуучу берүүлөр алынды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТелеканалдын эфир бөлмөсү. Архив
Телеканалдын эфир бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечинде телекомпаниялардын техникалык кызматкерлери үчүн чогулуш өтүп, жакынкы күндөргө белгиленген телеберүүлөрдүн эфирге чыгуу тартиби талкууланат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өзбекстандын мамлекеттик телеканалдары жума күнү берүүлөрдүн программасын карап чыкты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан "Новости Узбекистана" агенттине таянып жазып чыкты.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия премьери Каримовдун өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты
Басылманын маалыматына ылайык, Өзбекстандын "Спорт" каналынын алып баруучусу бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.00дө телекомпаниялардын техникалык кызматкерлери үчүн чогулуш өтүп, анда жакынкы күндөрү боло турган телеберүүлөрдүн тартиби каралып чыгарын айтты.

Учурда эфирден жарнама, телесериалдар, көркөм тасмалар жана көңүл ачуучу программалар алынды. Алардын ордуна Өзбекстандын тарыхын, маданиятын чагылдырган берүүлөр көрсөтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0