Каримовдун кайрылуусун Өзбекстандын ТИМи жарыялады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүИслам Каримов. Архив
Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каримовдун 25 жылдык мааракеге карата куттуктоосун Тышкы иштер министрлиги жарыялады. Кайрылууну борбордук телеканалдар дагы окуп жатты.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги президент Ислам Каримовдун 25 жылдык мааракеге карата куттуктоосун жарыялады. 

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ислам Каримов төшөктө. Эми эмне болот?
Буга чейин өлкөнүн расмий жалпыга маалымдоо каражаттары Каримовдун дарылануусуна бир нече убакыт керектигин жазып чыгышкан. Ал эми президенттин кызы Лола Каримова социалдык тармак аркылуу атасынын мээсине кан куюлгандыгын жарыялаган. Дүйшөмбү күнү кечке жуук Каримовдун абалы туруктуу экени маалымдалып, анын өлүмү тууралуу чыккан маалыматтар четке кагылган. 

Мамлекет башчы өзбекстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, чейрек кылымдын ичинде өлкө кандай жетишкендиктерге жеткенин белгилеп өттү. 

"Чын дилимден бардык жарандарды эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктайм. Өлкө көп кылымдык тарыхтын жаңы барагын ачуу менен тоталитардык түзүлүштү жоюп, эркин жана бакубат жашоо курууга шарт түзүлдү", — деп айтылат маалыматта. 

Президент өлкө эркиндик алган жылдары кандай кыйынчылыктар болгонун эскерип өттү. 

"Өлкөдөгү абал заматта начарлап оор кырдаалга кептелген. Мамлекет урап калуу жагдайына тушукканын элестетүү оңой эле болуп калган", — деп билдирди Каримов. 

Бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан Өзбекстан бутуна туруп, өнүгүү жолуна түшкөнү белгиленет. 

Бүгүнкү күндө Өзбекстандын алдында турган эң маанилүү тапшырмалардын бири өлкөнүн коопсуздугу менен терроризм, экстремизм жана баңгизатын жүгүртүү менен күрөшүү болуп эсептелерин өлкө башчы баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0