Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ооруканага түштү

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер өзбек ажосун текшерип, дарылоо айрым бир убакытты талап кыларын белгилешти.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ооруканада дарылануудан өтүп жатканын өкмөткө таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Адистердин айтымында, медициналык кароо жана анын жыйынтыгы менен болуучу дарылоо айрым бир убакытты талап кылат. 

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жана Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каримов Атамбаевге саммитке келгени үчүн ыраазычылык билдирди
Расмий билдирүүгө чейин Өзбекстандын президенти оор абалда ооруканага жеткирилгени тууралуу айтылган. Мындай сөздөр буга чейин көп ирет чыккан. 

Жылдын башында өзбек маалымат каражаттары Каримовдун комага түшүп калганын жазып чыгышкан. Өлкө башчы Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясынын съездине катышуусу менен айтылган сөздөрдүн чындыкка коошпой турганын ачыкка чыгарды. 

Ал эми имиштерге караганда ал эки ирет комага түшүп, инфаркт оорусуна чалдыккан. 

Эскерте кетсек, Каримов быйыл 78 жаштын тамагын ичип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0