УКК: Алматыда теракт жасоого белсенген топ кармалды. Арасында кыргызстандыктар бар

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАвтомат. Архив
Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адамдардан колго жасалуучу жардыргыч заттарды даярдай турган каражаттар менен диний-экстремисттик материалдар табылган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Алматы облусунда Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети өлкө аймагында бир катар террористтик актыларды даярдоого белсенген радикалдык топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операция жүргүздү. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматына таянуу менен Новости-Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Ага ылайык, кармалгандардан колго жасалуучу жардыргыч заттарды даярдай турган каражаттар менен диний-экстремисттик материалдар табылган. Мунун баарын алар атайын жашыруун жерде сактап келишкен.

"Бардыгы болуп топтун төрт мүчөсү колго түштү. Алардын арасында Казакстан менен Кыргызстандын жарандары бар. Кармалгандар Улуттук коопсуздук комитеттин кызматкерлерине жана алар чогулган жерге, полиция жана аскердик бөлүктөргө кол салууну пландап келишкен. Мындан тышкары, террордук чабуул элдин көп чогулган жерине да пландаштырылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Иликтөө жана тергөө иштери учурда уланып жатат, комитет алардын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат бериле турганын белгиледи.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандар тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди.

"Алматыдагы консулга КР жарандарынын кармалышы бюнча кабарды тактоосун тапшырдык. Кошумча маалымат берилет", — дешти министрликтен.

Буга чейин Казакстанда кооптуулуктун "сары" деңгээли январь айына чейин сакталары айтылып келген.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Ысык-Көлдө эл аралык террордук топтун чет элдик мүчөлөрү кармалды
Эскерте кетсек, 5-июнда куралчан топ Актөбөдөгү курал-жарак дүкөнү менен аскер бөлүгүнө кол салып, шаарда антитеррористтик операция режими жарыяланган. Террористтердин чабуулунан сегиз киши каза болуп, анын үчөө — полиция кызматкерлери болчу.

26-июнда Балхаш шаары менен Караганда облусунун Гүлшат айылында казакстандык атайын кызмат колго жасалган жардыруучу заттарды пайдалануу менен террористтик актыларды пландаштырган радикалдык топту жок кылган. Кармоо учурунда террористтердин бири жардыруучу затты иштетип, алган жаракатынан көз жумган. Мындан тышкары, дагы сегиз киши камакка алынган. Булардын бардыгы исламдын радикалдык агымы — салафизмдин жактоочулары экени айтылган.

18-июль күнү куралданган киши Алматыдагы полиция кызматкерлерине кол салып, тогуз киши каза болгон. Атайын операция учурунда шаарга кооптуулуктун "кызыл" деңгээли жарыяланган. Кол салган киши ошол эле күнү кармалып, анын Кызыл-Ордо облусунун буга чейин эки жолу соттолгон 26 жаштагы Руслан Кулекбаев экени аныкталган. Президент Нурсултан Назарбаев болуп өткөн окуяны "теракт" деп атаган. Улуттук коопсуздук кызматы Кулекбаев абакта кармалганын, ал жерде салафиттер менен байланыш түзгөнүн маалымдаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0