Казакстан: автобусту Астанада эч ким кармаган жок

© Фото / ИА "Новости-Казахстан", Асем МиржекееваАвтобус ехавший рейсом Екатеринбург — Бишкек задержанный в Астане
Автобус ехавший рейсом Екатеринбург — Бишкек задержанный в Астане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанга киргенде 26 жүргүнчүнүн миграциялык мыйзамды бузганы аныкталган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Казакстандын аймагы аркылуу Россиядан Кыргызстанга келе жаткан автобустун 26 жүргүнчүсүнүн миграциялык мыйзамды бузганы аныкталганын Новости-Казакстан агенттигин ички иштер департаментинин маалымат катчысы Софья Кылышьбековага таянуу менен билдирди.

Буга чейин Кыргызстан менен Россиянын 50гө жакын жараны Астана шаарынан чыга албай турганы маалымдалган.

Казакстанга киргенде 26 жүргүнчүнүн миграциялык мыйзамды бузганы аныкталган.

"Астана шаарынын ички иштер департаменти менен чек ара кызматынын биргелешкен текшерүүсүнөн кийин автобустун жүргүнчүлөрү коё берилген", — деп маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле чет элдик жүргүнчүлөрдү ташыган автобус Астананын аймагынан эч кандай тоскоолдуксуз чыгып, сапарын улантарын аталган мекемеден белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0