Казакстандык чыт курсак 1000 жолу жерден түртүлүп, рекорд койду

Жазылуу
10 жаштагы Амир Махмет Казакстандын Олимпиадага аттанган курама командасын колдоо максатында бул кадамга барган.

Казакстандык 10 жашар бала тынбай 1000 жолу жатып жерден түртүлүү көнүгүүсүн (отжимание — ред.) жасагандыгын Новости-Казакстан агенттиги билдиди. 

Балакайдын атасы Ануар Махметовдун айтымында, бул окуя Казакстандын КИнЭС китебине катталды. 

"Достор, жакынкы күндөрү Риодо жайкы Олимпиада оюндары башталат. Мен казакстандык улуттук курама командасына күйөрмандык кылам. Келиңиздер, жалпылап сүрөп туралы. Алга Казакстан!" — деп жазылат Амир Махметтин видеосунда. 

Амир буга чейин аталган көнүгүүнү 450 жолу жасап рекорд жараткан эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0