Түркмөн президенти неберелери менен кезектеги ырын жаздырды

© Sputnik / Табылды КадырбековТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Улут лидери" буга чейин гитарада ойноп, диджейлик өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырып келген.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эки небереси менен "Kalbymda sen" аттуу ырды аткарып, аны көпчүлүктүн назарына сунганын "Түркмөнстан Хроникалары" сайты билдирди.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ыр-күүгө жакын президенттер — Путин, Назарбаев, Бердымухамедов жана Клинтон
Аталган басылманын маалыматында мындай идея түркмөн президентинин жаш кезинде эле пайда болгон.

Бердымухамедов дагы бир ырдын музыкасын жаздырып бүтүп калганын, бирок ага ыңгайлуу текст жазыла электигин маалымдаган.

Түркмөн жетекчиси музыкага жакын, ал элдик ырларды да аткарууну жакшы көрөт. "Улут лидери" буга чейин гитарада ойноп, диджейлик өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырып келген.

Былтыр ал Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылган. Анын чыгарган "Бир гана алдыга, сүйүктүү Түрмөнстан" аттуу ырын 4 166 киши аткарган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0