Алматыдагы атайын операция аяктады

© Фото / ИА Новости-Казахстан, Анатолий УстиненкоАлматы полиция кызматкери. Архив
Алматы полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган шаардагы Жашыл базардын аймагын куралчан аскерлер курчап тургандыгы айтылган.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Алматы шаарынын полициясы ыкчам-иликтөө иштерин аяктады деп билдирди Новости-Казахстан агенттиги Ички иштер департаменинине таянуу менен.

"Ыкчам-иликтөө иштери аяктады. Бизге түшкөн криминалык маанайда делген маалымат тастыкталган жок", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Гоголь, Зенков, Макатаев, Абдуллин көчөлөрүнүн кесилишкен аянттарда ички иштер органдары тарабынан ыкчам-издөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылган.

Новости-Казакстандын маалымат булагы полиция банктарга аймактагы филиалдарын жабууну айткандыгын маалымдаган.

18-июлда саат 11лерде куралчан адам Алматы шаарындагы Алмалы райондук полициясына кирүүгө аракет кылып, ал жердеги кызматкерди жарадар кылып, автоматын алып качкан. Андан ары жеңил автоунааны тартып алууга аракет кылып, ээсине ок жаңылып, мерт болгон.

Алматы атышуудан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматыда кандуу калаба уюштурган киши полицияны өч алуу үчүн өлтүргөн
Казакстан бийлигинин маалыматында бул калабадан 5 адам өлгөн. Алардын үчөө полиция кызматкери, бирөө Казакстандын Чек ара кызматынын өкүлү, бирөө жай жаран. 

Бийлик бул окуяга теракт деп баа берди. Кандуу калабаны уюштурган Кызыл-Ордо облусунда туулган 26 жаштагы жаран болуп чыкты. Окуя болгондо күч түзүмдөрү шаарга алгач терроризмдин эң жогорку коркунучу жаралды деп кызыл деңгээл киргизилген.

Кечке жуук, террорчулукка каршы операциялар жүргүзүлүп, аны сары түскө түшүрүштү. 

Тартип коргоо органдарынан кол салууну ал киши жалгыздап жүргүзгөндүгүн билдиришкен.

Алматы шаарынын борборунда болгон атышуунун кесепеттерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0